Чүй облусунда жол кырсыгы катталып, 2 жашар бала жаракат алды
Чүй облусунда жол кырсыгы катталып, кичинекей бала жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда аймактык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Маевка айылы менен айланма жолдун аймагында болгон. Анда
Мицубиси Каризма үлгүсүндөгү унаанын 24 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай Ниссан Примера үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Натыйжада Ниссан Примера унаасындагы 1984-жылы туулган А.Индира жана 2014-жылы туулган А.Арсен ар түрдүү жаракаттарды алып ооруканага жеткирилген. Учурда бул факт боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.