super.kg logo

Ош. Мөмө-жемиш ташыган ишкерлерден акча талап кылган бажы инспектору кармалды

 

Ош облусунда мөмө-жемиш ташыгандардан акча талап кылган бажы инспекторуна карата кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу 29-январда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош облустук прокуратурасына К.К. аттуу жаран кайрылган. Ал өкмөткө караштуу Бажы кызматынын өкүлдөрү Ноокат районунун аймагында Ош жана Баткен шаарларынан мөмө-жемиштерди ташыгандарды токтотуп, акча талап кылып жатышканын айткан.

Иликтөө иштеринин натыйжасында 3 миң сом пара алгандан кийин бажы инспектору О.Б. кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, факт боюнча "пара талап кылуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган инспектор менен бирге жүргөн кызматкерлердин ишине да юридикалык баа берилет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
29.01.2016. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
балык башынан сасыйт,же болбосо карга карганын көзүн чукубайт.
29.01.2016. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кармаш керек паракорлорду
30.01.2016. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ач адамды сук адам жалайт болуптур даа.
30.01.2016. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алган парасын бир жерине тыкса
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: