super.kg logo
  Саясат  

Ош жана Чүй облустарынын бир катар райондорунун сотторунун судьяларын дайындоо тууралуу жарлыкка кол коюлду

 

Ош жана Чүй облустарынын бир катар райондорунун сотторунун судьяларын дайындоо жана жөнөтүү тууралуу жарлыктарга кол коюлду. Бул тууралуу 29-январда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өлкө башчы Алмазбек Атамбаевге Судьяларды тандоо боюнча кеңеш 13 талапкерди: Ош облусунун Алай, Араван, Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондук сотторунун судьяларын, ошондой эле жаңы талапкерлерди Чүй облусунун Ысык-Ата, Чүй райондук сотторунун судьялары кызматтарына дайындоо боюнча сунуштарды киргизген. Мамлекет башчысы бул талапкерлердин айрымдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Андан соң президент 10 талапкерди дайындоо боюнча сунушка макул болду.

Түрдүү мамлекеттик органдардан кошумча түрдө алынган маалыматтарды жана пикирлерди талдоонун жыйынтыгында мамлекет башчы сунуш кылынган 6 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди. Жарлыкка ылайык, Айгерим Акымбекова, Алтынай Асаналиева, Жанышбек Аширов, Нурпаис Бекташов, Нурлан Кенжебаев, Эдуард Колопов, Уланбек Орозматов, Нурланбек Сооронбаев, Майрамкүл Тентиева, Тилек Токтосунов белгиленген мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалышты. Документ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: