ЭЛДИК КАБАР: Бишкекте таксист кардар кызды акчаны толук төлөбөгөнү үчүн сабап салды (Абайла, уят сөздөр бар!)
Бүгүн, 30-январда таңкы саат 06:00 чамасында таксист кардар кызды акчаны толук төлөбөгөнү үчүн сабап салды. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Анын айтымында, таксист да, кыз да соо болчу. "Алар 400 сомго сүйлөшүп, келгенден кийин кыз 200 сом эле берген экен. Таксист буга нааразы болуп, кызды чачынан сүйрөп, шубасын айрып,
уруп-сабап баштаган. Кыз каршылык көрсөтүп, таксистти жаман сөздөр менен сөккөн. Биз кызды ажыратып, башка таксиге салып жибердик",- деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.
Таксист аз акча төлөгөн кызды сабады (уят сөздөр бар)






Эркек деле аял кишиге тенелип эмне кылат.
200с учун тепкилеп атса,2000с учун олтуруп эле коймок го.
Байкуш таксист кыштын кунудо уктабай, уй-було багам деп, 200 эмес, 20 сомдун козун карап журушот. Анан мынтип чыга калып эле орусчалап согуп, озунун правасын качать этип турса, тепкилеш эмес олтурупда коюшат андай жаны кашайып турган абалда. Тиги кызды карачы тимеле оозунан ак ит чыгып, кара мышык чыгып жатат. Мынтип туну-куну кочодо жургон киргизкаларга аз бул...
Иним таксист анан жакында эле 3 4 кун мурун бир досуна жардамдашып квартирага кочуруп тун бир оокум болуп кетти анан бензини жа акчасыда жок байкуш туну менен иштеп танга жуук, бир кыз чыгып жетеер жерине жетип анан азыр уйдон алып берем деп этажка уйго кирип подъездин ары жагынан качып кетиптир 200 сом эле болгон экен счетчик менен. Ушундай кыздарга ыйман берсин.