Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев Түркмөнстанда иш сапары менен жүрөт
Бүгүн, 19-мартта Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев менен Түркмөнстандын Маданият министри Гунча Мамедова жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуу учурунда эки тарап кыргыз-түркмөн өлкөлөрүнүн маданият жана гуманитардык алакаларын улантуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүштү. Мындан сырткары, 21-мартка карата “Нооруз - тынчтыктын жана гуманизмдин майрамы” аттуу эл аралык конференция болуп, анда “Ак марал” бий ансамбли талантын тартуулашмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.