Талас шаарындагы үйлөрдүн биринен мас абалдагы киши күйүп каза тапты
Талас шаарындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, анда мас абалдагы киши күйүп каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт Айтматов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде болгон. Анда жалпы аянты 30 чарчы метрди түзгөн ашкана жана коридордо 2 килем, стол, диван, сыналгы, төшөктөр күйгөн. 1968-жылы туулган Б.Марс мас абалында өрт чыккан жерде күйүп каза болгон. Учурда үйдүн ээси жана өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.