Москвада өрт кырсыгынан аман калгандар сурак берип жатышат

Орусиянын Москва шаарындагы Стромынка көчөсүндө 30-январдан 31-январга караган түнү өрттөн 12 адам каза болгон. Маалыматтарга ылайык, алардын 8и кыргыз жараны, Орусиянын жарандыгын алган кыргыздардан жана өзбек жарандарынан экиден адам болгон. Өрттөнүп жаткан имараттан Кыргыз Республикасынын 2 жараны, Орусиянын жарандыгын алган 1 кыргыз жана 1 өзбек жараны качып чыкканга үлгүрүшкөн. Ал эми аман калгандардын бирине медициналык жардам көрсөтүлгөн. Учурда алар милиция кызматкерлери тарабынан суракка алынып жатышканы кабарланды.
Укук коргоо органдары өрттүн эки булагы болгондуктан, имарат атайылап өрттөлүшү мүмкүндүгүн айтышкан. Адам өлүмүнө алып келген өрт кырсыгына байланыштуу кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Бийликтегилер куноолу Кичине Еыргыз элин багып карай албагандар тозокто куйсун колунан кельесе орундарын бошотуп койушсун патриоттор бар