Атай Өмүрзаков баштаган кыргыз бийчилери Францияда өткөн цирк фестивалында 3-орунду ээлешти



Бийчилер "Оркестр" деген аталыштагы номерди көрсөтүп жаткан учур...
27-31-январь аралыгында Франциянын Париж шаарында "DE CIRQUE DE DIMAIN" деген аталышта дүйнөлүк цирк фестивалы болуп өттү. Фестивалдын расмий сайты кабарлагандай, ага дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн келген таланттар катышты. Анда мамлекетибиздин намысын бийчи Атай Өмүрзаков жана ал жетектеген "Тумар КР" бий тобу коргоду.
Жыйынтыгында кыргыз өлкөсүнүн өкүлдөрү "Оркестр" деп аталган номерди көрсөтүп, 3-орунду багындырышты.
Фестивалда алтын медаль 2 катышуучуга, күмүш медаль 3 катышуучуга, коло медаль 4 катышуучуга ыйгарылган.
Кошумчалай кетсек, Атай Өмүрзаков буга чейин "бий тобуна Казакстандын бир өкүлү кошулгандыктан, биз Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын атынан чыктык" деп маалымдаган.
Атайдын командасы бул ирет да Францияны таң калтырды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
4

Бир калыпта журот,бой которгонун корбодум Европаны багындырсада.
Тарбиясы мыкты бала.