super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Сузак районундагы "Байел" базарынын соодагерлери Социалдык фондго төлөнүп келген төлөмдөрү жок болуп жатканын айтышууда

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы "Байел" базарынын соодагерлери Социалдык фонддун төлөмдөрүнүн көтөрүлүшүнө каршы чыгышууда. Бул тууралуу окурман WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.

"Социалдык фондго мурун 300 сом төлөчүбүз, эми 450гө көтөрүлдү. Төлөмдөрдүн көтөрүлүшүнөн соодагерлер кыйналып жатышат. Жакында жаныбыздагы соодагер пенсияга чыгуу үчүн өзүнүн буга чейинки төлөмдөрүн компьютерден текшертсе, бири да чыкпаптыр. Андан кийин дагы 3-4 адам барды, алардыкы да дайыны жок. Ошону билиш үчүн азыр соодагерлер болуп чогулуп барсак, Социалдык фонддун кызматкерлери так жооп айта алышкан жок",- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: