super.kg logo
  Саясат  

Баткен. Быйылкы "Иштерман жылына" карата Айдаркен шаарын оңдоо иштери жүргүзүлөт

 
2013-жыл “Иштерман жылы” деп жарыяланган. Буга байланыштуу быйыл Баткен облусундагы Айдаркен шаарына караштуу ички жолдорду оңдоп түзөө пландалууда. Ошондой эле шаардын ортосундагы базарды да башка, ыңгайлуу жерге көчүрүү маселеси каралууда. Анткени бул базар унаа кыймылына тоскоолдук жаратып келет. "Шаар бийлиги менен “Айдаркен” сымап комбинаты биргеликте борбордук көчөлөргө түнкү жарыктарды орнотуу, балдар бакчасын ачуу,  спорт зал, бассейн куруу сыяктуу маселелерди чечүүнү да колго алышууда. Буюрса, 20- марттан баштап шаар ичиндеги жолдор оңдоло баштайт”,- деп билдирди аталган шаардын мэри Момун Мукумов.   





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: