Кыргыз-казак чек арасынан аткезчилик жолу менен 900 килограмм этти өткөрүүгө аракеттенген кыргыз жараны кармалды

Жамбыл облусундагы казак-кыргыз чек арасынан аткезчилик жолу менен 900 килограмм этти өткөрүүгө аракеттенген 34 жаштагы кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кыргыз жеринен Казакстанга бараткан чиркегичи бар жүк ташуучу унаа көзөмөл-өткөрүү жайынан текшерүүгө токтотулган. Аны текшерүү учурунда жалпы салмагы 900 килограммды түзгөн кой эти табылган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Саламатсызбы! Сурооңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап, жакын арада жооп алып берүүгө аракет кылабыз!