Өткөн суткада өлкөдө 10 өрт кырсыгы катталып, Кадамжай районунда жаш баланын шоктугунан 1,5 тонна чөп күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 3, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 2, Ош шаарында 3, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.
Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда эки кабаттуу сарайдын жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры, 1,5 тонна эндей чөп толугу менен күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна үй ээсинин 6 жаштагы баласынын отко карата шоктугу себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.