super.kg logo
  Саясат  

КМШнын тышкы чек араларында чек ара коопсуздугуна коркунучтарга тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун адистеринин биргелешкен топторун түзүү жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2014-жылдын 10-октябрында Минск шаарында кол коюлган “Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин тышкы чек араларында чек ара коопсуздугуна коркунучтарга тез жооп кайтаруу үчүн чек ара ведомстволорунун адистеринин (эксперттеринин) биргелешкен топторун түзүү жана колдонуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу 2-февралда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзам 2015-жылы 30-декабрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Ратификацияланган макулдашуунун максаты биргелешкен топту түзүүнүн, колдонуунун жана ишмердигин токтотуунун тартибин аныктоо болуп саналат.

Топтун милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

- тышкы чек арада чек ара коопсуздугун камсыз кылууга иш жүзүндө жардам көрсөтүү;

- чек ара коопсуздугуна коркунучтарды анализдөө;

- тышкы чек арада түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат топтоо.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: