super.kg logo

Гүлмира Баратова: "МАИчини унаасынын капотунда сүйрөгөн көрүнүш өлкөдөгү мыйзамдардын жумшактыгынан кабар берет"

 

"Айдоочу МАИчини унаасынын капотунда сүйрөп кеткендеги көрүнүш өлкөдөгү мыйзамдардын жумшактыгынан кабар берет". Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда ИИМдин Башкы штабынын башкы инспекциясынын жетекчиси Гүлмира Баратова билдирди.

"МАИчини унаасынын капотунда сүйрөп кеткени жаман көрүнүш болду. Мунун негизги себеби - биздин мыйзамдардын жумшактыгы. Бирок мыйзам гана эмес, адамдын алган тарбиясынан, анын жашоого болгон көз карашынан да көз каранды",- деди Баратова.

"Былтыр калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоолордун жыйынтыгына кайрылсак, 2014-жылга салыштырмалуу 2015-жылы Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине ишенич арттыруу, алардын ишин канааттандыргандардын саны 20,4 пайыздан 67,2 пайызга өскөн. Өлкө аймагында аймактык тескөөчүлөрдүн саны көбөйтүлдү. Бул оң таасирин тийгизүүдө. Сурамжылоого катышкандардын 75 пайызы өзүнүн коопсуздугуна ишенгендигин билдирсе, суралгандардын ичинен 24,9 пайызы өздөрүнүн коопсуздугуна ишенбегендигин билдирген”, - дейт ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
02.02.2016. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Депутаттар өзүнөн баштасын мыйзамды. Карапайым элге гана иштейт мыйзам.
02.02.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тапанча менен коркутса айла жоктон озунун омурун сакташка ошонойго барды да
Alikhan түзөттү 2016-02-02 13:18:08
02.02.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
МАИчилер айдоочуларды какшатып буткон. Кабат уйлорду,катар унааларды айлыгына алыптырбы???....
02.02.2016. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кабар берет?эчак эле белгидуу(( закон иштебегени...
02.02.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
tuura aitasynar bizde myizam kara chapandar uchun jazylgandai sezilet karaap otursan zeenin keiiiit birok oilon bir tuuganym ertengi kun bar Allaxtyn aldynda ar bir suilogon sozunoda kylgan iwineda joop berer kun bar
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: