super.kg logo

Ош шаардык мэриясынын жана Билим берүү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду

 

Ош шаардык мэриясынын жана Билим берүү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 2-февралда билдирди.

Маалыматка караганда, 2015-жылдын 16-июлунда Ош шаардык билим берүү башкармалыгы өзүнүн имаратын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн сынак жарыялаган. Анда "А.-С." аттуу ишкана жеңүүчү деп табылып, оңдоп-түзөө иштерин 919 миң сомго бүтүрүү боюнча келишим түзүлгөн. Өткөн жылдын август-декабрь айларында ишканага акча каражаты толук которулуп берилген.

Андан кийин Ош шаардык мэриясынын жана Билим берүү башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери өз ара сүйлөшүп, оңдоо иштери жогоруда көрсөтүлгөн суммага жүргүзүлгөнү боюнча акт түзүшкөн. Текшерүү учурунда оңдоо иштери 563 887 сомго аткарылганы белгилүү болгон. Факт боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ишенип берилген мүлктү өз эсебине өткөрүп алуу" беренелери менен кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.02.2016. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куштарбек кетиш керек. Ал акын озунун чыгармачылыгы менен жургону он. бир бала бакчанын директоруна алы жетпейт созу отпойт. нурбаевдин артына жашынганга отту эми. ар бир чондун артында бирден депутат тирек болуп турганы бизде коррупция жоюлбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: