super.kg logo

ЭЛДИК КАБАР: Жайыл районунун Жайыл айылына барчу жолдун соо жери жок

 

Чүй облусуна караштуу Жайыл районундагы Жайыл айылына барчу жолдун абалы өтө начар. Бул тууралуу окурман бүгүн, 2-февралда WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кабарлады.

"Башынан баштап аягына чейин ушундай, бир да соо жери жок. Машина эмес, жөө басканга мүмкүн эмес. Мен ушул айылда мугалим болуп иштейм, күнүгө Кара-Балта шаарынан каттайм. Автобус, маршруттук такси жүрбөйт. Жергиликтүү такси айдоочулары эле иштешет.

Бул жолго 2015-жылы депутат Динара Исаева 1 миллион сом бөлүп, андан тышкары айыл тургундарынын арасынан унаасы бар ар бир түтүн 1000 сом, унаасы жоктор 500 сомдон чогултушкан. Жалпы эсеп менен 1 миллион 300 миң чогулуптур. Бул жолдун кебетесин көрсөңүздөр аябай өкүнүчтүү. Жолго ушунча акча салынып, анан бир жарым жылда сиздер көрүп тургандай абалга келди. Күзүндө бир жолу оңдомуш болушту, ал эки жумага гана жетти. Бөлүнгөн акчаны ким көзөмөлдөп, жолду ким жасатты билбейм. Таш эмес эле топурак алып келип төктү окшойт, жайында мүмкүн болбогондой чаң. Жаан жааса ылай, анан кышындагы кейпи бул. Эми жаз келсе эмне болорун билбейм. Борборго жакын туруп ушундай жол болсо, башка алыскы тоолуу райондордо кандай болду экен?"- дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.






 


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(18)
02.02.2016. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бомба тушкондойгоо)
02.02.2016. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айыл озу эле аракет кылып ондобосо окмот ондоп берем дегиче 2.3жыл отуп кетет
02.02.2016. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айыл окмот дегендин милдети бул жумуш
02.02.2016. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
негизинен мындай жолдор толо баарына эл күнөөлүү өзү аракет кылып оңдош керек .
02.02.2016. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озулору аракет кылып беришкен турбайбы Бир миллион уч жуз мин сом анан дагы не кылыш керек калганын окмот кылыш керекда,ушул чогулган акчанын тыйын тыпырына чейин ушул салган жолуна кетти деп ойлобойм анча мынчасынын чонтокторуно дагы кетсе керек
02.02.2016. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айыл окмотту кунооло туура эмес,жолдорду мамлекеттин акчасынан ондойт.Бюджетте 1сом жок болсо айыл окмот кайсы каражатка ондомок эле.
02.02.2016. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайлоону куткуло!!!шайлоодо шанс бар ондоткону
02.02.2016. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сурот соонун чыгыптыр тоголокчолор атайы кылгандайго гулдонуп.
Эми силерге да жакшы жооп болуп калар
02.02.2016. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул демилгени озу окмот которуп чыгыш керек эле окмот иштейби экен
02.02.2016. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздору неге топтош керек окмотко налок тутун пул сууга, абага Ар кыймылына толоп атышса окмоттон беш сом карыз болсон уйундон чыкпай койот салыкчылар
02.02.2016. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол айылдын окмоту чон курсак б..к курсак болсо керектир? Озу да журсо керек ошол жол менен, же асманды карап отот бекен?!
02.02.2016. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Асмандан метеориттер тушкондой тим эле
02.02.2016. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
деле ар бир чункурга бак айдаса болчудай .:-)
02.02.2016. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тегерек формалары кызык экен, мен биринчи жолу корушум ушундай КООЗ жолду, атайын ойгондой тептегерек кылып
02.02.2016. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атайын гулдоп тешкендейго:) эми окмотунор аракет кылбаса эл озу деле акча чогултуп ашар жолу менен шагыл токсо болот жок дегенде.Биздин айылда ошентишет кычык кочолорду,а чон кочолор кудайга шугур жаны окмот жакшы иштеп жатат Бишкектин жолун чанында кала турган кылып ондоду.
02.02.2016. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүрдүрүп койсо болот экенгоо
03.02.2016. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
топтоголок топтоголокго
03.02.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бомба тушкон го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: