super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз мамлекети менен Индиянын ортосунда аскерий багыттар боюнча кызматташтык мамилелерди арттырууга багытталган келишим жактырылды

 

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде 2-февралда кыргыз өкмөтү менен Индия өкмөтүнүн ортосундагы аскердик тармакта кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралды.

Келишимге ылайык, Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосунда төмөнкү багыттар боюнча кызматташууга өбөлгө түзүлөт:
- материалдык каражаттарды жана кызматтарды берүү, аскердик техника жана комплекттөөчү запастык бөлүктөр боюнча аскердик-техникалык кызматташтык;
- өз ара кызыкчылыктын ар кандай тармактарындагы мамлекеттик мекемелер ортосундагы кызматташтык, технологиялар менен техникалык жардам берүү, биргелешкен өндүрүштү үчүнчү мамлекеттерге экспорттоо, коргоо өндүрүшү;
- маалымат алмашуу, окутуу, өкүлдөрдү жана биргелешкен долбоорлорду алмашуу жолу менен аскердик илим жана технология жана башка.

Макулдашуунун алкагында Кыргыз Республикасынын аскер кызматчылары окутуу долбоорлоруна, кыска жана узак мөөнөттөгү курстарга, аскердик машыгууларга, конференциялар менен семинарларга катыша алышат.

"Бишкек шаарында 2015-жылдын 12-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Индия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аскердик тармактагы кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" мыйзамынын долбоору жактырылып, аны экинчи окууда парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: