super.kg logo

Аялды сабап, зордуктап, анын өлүмүнө себепкер болгон кылмышкер 20 жылга эркинен ажыратылды

 

Аялды ур-токмокко алып, зордуктап, тоноп, анын өлүмүнө себепкер болгон Михаил Берчин 20 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Жогорку Соттон билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан үч жыл мурун кылмышкер шаар ичиндеги таштанды таштоочу челектерден тамак-аш издеп күн өткөрүп жүргөн. 2013-жылдын 29-ноябрь күнү М.Берчин саат 23:00 чамасында Ак-Босого конушундагы өзүнүн үйүнөн чыгып Абдрахманов жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишине келген. Ал таштандыларды карап, ар кимден калган ичимдиктерди таап алып ичип отурган.

Ошол мезгилде ал жалгыз келе жаткан аялды көрүп калат. Мас абалдагы М.Берчин аны зордуктоо максатында жанына барып бетке бир нече жолу муштум менен уруп, тепкилеп, жерге кулаган маалда аны башы менен жерди сүздүртөт. Айланада эч ким жоктугунан пайдаланып, эси ооп калган аялды чуңкурураак жерге сүйрөп барып зордуктаган. Андан кийин аялдын 600 сомдук сумкасын, 2 уюлдук телефонун, 700 сом акчасын жана боёнуучу каражаттарын алып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, бирок оор жаракаттардан улам каза болуп калган.

Бул фактылар боюнча "зордуктоо", "сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер", "каракчылык" жана "адам өлтүрүү" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Биринчи Май райондук соту бул ишти жабык режимде карап, кылмышкерди 20 жылга эркинен ажыратты. Анын мүлкү конфискацияланып, өзү күчөтүлгөн режимде жазасын өтөйт.

Кылмышкер мурда үч ирет соттолуп жана шаарда көчө шыпыргыч болуп иштеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
02.02.2016. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Таштандыларды жеп кун кечирип келсе кайсыл мулкун конфискациялайсынар эми?
ainuska00 түзөттү 2016-02-02 17:45:57
02.02.2016. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2013жылкы нерсени Эми сот кылыштыбы я.арадан 3 жыл откондон.
03.02.2016. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кеч болсода жазасын алыптырда жакшы. Бир бомжыга кучу жетиптир соттордун. Рахмат сотторго....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: