super.kg logo

Мурда эки жолу сот жообуна тартылган Кочкор районунун акими ээлеген кызматынан бошотулду

 

Башкы прокуратура жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы менен таанышкан премьер-министр Темир Сариев Кочкор районунун акими Нурбек Жусупбековду ээлеген кызматынан бошотуу буйругуна кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын тиешелүү кызматкерлери Кочкор районунун акими мурда эки жолу сот жоопкерчилигине тартылганын аныкташкан. КРнын "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө" мыйзамынын 14-беренесиндеги 1-бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй, кыргыз өлкөсүнүн сот жоопкерчилигине тартылган жараны соттолгондугу алынганына карабастан, аким болуп иштөөгө укугу жок. Ушул себептерге байланыштуу аталган аймактын акими ээлеген кызматынан бошотулду.

Айта кетсек, буга чейин Кочкор районунун акими биздин порталга ээлеген кызматында мыйзамдуу иштээрин айтып, аны каралоо аракеттери жөн гана саясий оюн экенин билдирген. Ал өз сөзүндө 2003-2006-жылдары жоопко тартылып жана ага жараша учурунда айып пул төлөгөнүн айткан эле.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.02.2016. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына сага демократия.
02.02.2016. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Адилеттик жок экен да Сариевди эркекче чечеби десе. Эл учун иштеген адамды саясаттагы сасыктар сая тушуп акыры алдырышыптырда. Эми Бабановдуле президенттике колдош керек, а то Сариев деле Ирсалиев деген досунун созун колдойт экен да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: