super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев биометрикалык паспортторду киргизүү боюнча аткарылып жаткан иштерди үзгүлтүксүз улантуу керектигин айтты

 

2-февралда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кабыл алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Тайырбек Сарпашевди Мамлекеттик каттоо кызматынын аткарылып жаткан иштери жана келечектеги пландары тууралуу маалымат берди. Темир Сариев Мамлекеттик каттоо кызматынын жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жеңилдетүү жана сапатын жогорулатуу жаатында өтө чоң мааниге ээ экенин белгилеп, бул жааттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

“Мамлекеттик каттоо кызматы - өлкөдөгү эң көп мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү орган. Бул органдын ишин жакшыртуу жана заманбап технологияларды киргизүү менен биз жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү жеңилдетип, ар кандай тоскоолдуктарды жана коррупцияны жок кыла алабыз. Бул жаатта бирдиктүү мамлекеттик реестр түзүү жана учурдагы шарттарга жооп берген калкты тейлөө борборлорун түзүү боюнча ишти дагы күчөтүү зарыл”,- деди Темир Сариев.

Ошондой эле премьер-министр жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо жана өлкөдө биометрикалык паспортторду киргизүү боюнча аткарылып жаткан иштерди үзгүлтүксүз улантуу керектигин белгиледи.

Тайырбек Сарпашев алдыдагы жергиликтүү шайлоолор алдындагы жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жана Мамлекеттик каттоо кызматынын быйылкы жылдагы планы тууралуу маалымат берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: