Нарын шаарында көмүрдүн 1 тоннасы 3500 сомдон сатылууда
Ушул жылдын 2-февралына карата Нарын шаарында кɵмүрдүн 1 тоннасы 3500 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирет.
"Учурда кышкыга жете тургандай көмүр топтогон 4 отун базасында, шаардын базарында, жеке үйлөрдө ордунан алуу же жеткирип берүү, унаа менен кыдырып сатуу шартына жараша, калкка бекитилген жана жеткиликтүү баада сатуу жүргүзүлүүдө. Ал эми РТС, Городок, Жаңы-Жол жана борбордук аймактарда жайгашкан көмүр базаларында көмүрдүн көлөмү 80 тоннаны түзөт",- дейт Элиза Качкымбаева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:23
2025-11-07
21:24
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















