Борбор калаада алдамчылыкка шектелген 3 адам кармалды
Борбордо алдамчылыкка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 34 жаштагы Ш.Илья кайрылган. Анда ал Сергей жана Александр аттуу чала тааныштары "эмерек жасап беребиз" деген шылтоо менен 32 миң сом акчасын алып, алдап кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 30 жаштагы К.Александр жана 28 жаштагы Н.Сергей кармалган.
Ушундай эле арыз менен 21 жаштагы М.Айдин кайрылган. Анда ал Туратбек аттуу чала таанышы 15 700 сом акчасын алып, бербей жатканын айткан. Бул факт боюнча 37 жаштагы А.Туратбек кармалган. Учурда бул фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.