Өткөн сутка ичинде өлкөдө 9 өрт кырсыгы катталып, Жалал-Абадда турак жайлардын биринин үй оокаттары күйүп кетти
Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаада 3, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 1, Ош облусунда 3, Ош шаарында 1, өрт кырсыгы катталды.
Жалал-Абад шаарындагы Курманбек кичи районундагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Анда эки бөлмөдөгү үй эмеректери, сыналгы, төшөнчүлөр, үй оокаттары жана аквариум күйүп кеткен. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодогу эреженин бузулушу себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.