super.kg logo

Якутияда мектеп окуучусун тоноого шектелип 23 жаштагы кыргыз жараны кармалды

 

Якутск шаарында "жергиликтүү тургун менен бирге мектеп окуучусун тоногон" деген шек менен кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда жергиликтүү маалымат каражаттары Саха Республикасынын Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, полицияга арыз менен 16 жаштагы окуучунун ата-энеси кайрылган. Анда алар белгисиз эки киши баласын ур-токмокко алып, уюлдук телефонун жана 800 рубль акчасын алып кеткенин айткан. Ошондой эле баланы тоногондордун бири "Охрана" деген сөз жазылган күрмө кийип жүргөнүн кошумчалашкан.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында уурдалган уюлдук телефон колдон колго өтүп кеткени аныкталып, аны саткан 23 жаштагы кыргыз жеринин жараны кармалган. Ал буга чейин ар кайсы ресторанда официант болуп иштегени аныкталган. Ал эми анын шериги шаардагы ири сайрандоочу жайда күзөтчү болуп иштегендиги жана мурда соттолгону белгилүү болгон. Кылмышка шектүүлөрдүн айтымында, алар түнү менен арак ичип, таң эрте акча издеп көчөгө чыгып биринчи туш болгон кишини тоношкон.

Учурда аларга карата "тоноочулук" беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө. Эгер күнөөсү далилденсе, алар 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
03.02.2016. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Россияда закон иштейт, жазасын алсын
Модератор admin_portal түзөттү 2016-02-03 16:01:38
03.02.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ботон жерде кысып журушсо, бутун кыргызды шерменде кылбай.
03.02.2016. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ичкени аз келгенсип тоношсо,аякта кыргызчылык жок элдешип алгандай.
03.02.2016. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурда соттолгон адам кузотчу болуп иштеп жургону кызык го
04.02.2016. 04:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акыркы мезгилде чет жакта жургон кыргыздар коп кылмыш кыла баштадыбы?же мен жанылыктарды калтырбай окуп калдымбы?
isnur93 түзөттү 2016-02-04 04:35:41
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: