Канттык "Абдыш-Ата" футболдук клубунун 2 коргоочусу бишкектик "Алганын" курамына кошулду
Вениамин Шумейко (№14) "Абдыш-Атанын" курамында "Дордойдун" жарым коргоочусу Азиз Сыдыковго каршы ойноодо.


Вениамин Шумейко (№14) "Абдыш-Атанын" курамында "Дордойдун" жарым коргоочусу Азиз Сыдыковго каршы ойноодо.

Рустем Усанов "Абдыш-Атада" капитандык милдетти аркалап келген.
Өлкө чемпиондугу - ТОП-Лигада ойногон бишкектик "Алга" клубу канттык "Абдыш-Ата" клубунун коргоочулары Рустем Усанов менен Вениамин Шумейкону курамына кошуп алды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Футбол Лигасынан кабарлашты.
Маалым болгондой, ал футболчулар менен 1 жылдык келишим түзүлдү. 30 жаштагы Р.Усанов жана 27 жаштагы В.Шумейко акыркы сезондо канттык клубдун курамында өлкө кубогун утушкан.
Буга катар бишкектик клуб "Абдыш-Атага" 2 коргоочусун жөнөттү. Алар: Самат Бердалы уулу жана Сулайман Самарбек уулу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Xanif.Kg

03.02.2016. 19:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул трансфер болбой эле, алмашуу болгонго...
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.