super.kg logo

Аламүдүн районунда кримчөйрөнүн өкүлдөрү уулуна болушуп чыккан атасын да бычактап, кылмышты жашыруу үчүн үйдү өрттөп кетишкен

 

Чүй облусунун Аламүдүн районунда эки адамды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу 3-февралда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

1-февраль күнү саат 09:00 чамасында Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгына Лебединовка айылында турак үй күйүп жаткандыгы боюнча маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүү учурунда эки адамдын жансыз денеси табылган. Иликтөө иштерин жүргүзгөн тергөө тобу мыкаачылык менен өлтүрүлүп, денелери күйгөн жарандар үй ээси 1960-жылы туулган Г.С. менен анын уулу 1985-жылы туулган Г.А. экенин аныкташкан. Адам өлтүрүү фактысын жашыруу үчүн турак үй атайын өрттөлгөнү белгилүү болгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары кримчөйрөнүн үч өкүлү колго түшүрүлгөн. Алар:

- 1989-жылы туулган Б.А., Бишкек шаарынын жашоочусу. Буга чейин "бейбаштык", "ок атуучу куралдарды мыйзамсыз сактоо", "каракчылык", "опузалап талап кылуу" беренелери боюнча соттолгон. ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоого алынган. Жогорудагы кылмыштын негизги уюштуруучусу Аламүдүн-1 кичи районунда жашынып жаткан жеринен кармалды.

- 1972-жылы туулган О.Г. аттуу аял. Аламүдүн районунда жашайт. Кемин районунда колго түшүрүлгөн.

- 1989-жылы туулган К.В., Бишкек шаарынын жашоочусу, Ысык-Ата районунун аймагынан кармалган. Азыркы тапта кылмышка катыштыгы бар делген төртүнчү адамды кармоо иштери жүрүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрү түн ичинде жергиликтүү тургундун үйүнө келип уруша кеткенде аны сабай башташкан. Бул учурда анын атасы үйдөн чыгып уулуна болуша баштаган. Кылмышка шектүүлөр үй ээсин уулу менен кошо бир нече жолу бычактап, кылмышты жашыруу үчүн үйдү өрттөп салышкан.

Соттук-медициналык экспертиза эки жаран көп кан жоготкондуктан каза болгонун аныкташты. Учурда кармалгандар тергөө абагына киргизилип, иликтөө жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
04.02.2016. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ ХХХ ХХХ... коомго эч кандай зыяны тийбейт.
Модератор admin_portal түзөттү 2016-02-04 12:20:42
04.02.2016. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aviator - эскертүү!
Порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
04.02.2016. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аял дейби? Кудай сакта
04.02.2016. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта, аялга не жок?! Жаман болуптур
04.02.2016. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Онуккон мамлекеттерде мындай корунуш аз себеби бийлик каттуу курошот Кыргызстанда тескерисинче кылмыш коп Бийлик менен бандит дос же бандит бийликте
04.02.2016. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
АГО плюс бассам минус болуп кетти кечирим сурайм.Созуно кошулам.
04.02.2016. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
барыбыз эле кундо кылмыш ишин окуйбуз чынбы?мамлекетке нааразы болуп кетесин (чондорубузга) мыйзамды каттуу иштетсе паракорду жойсо мынча болбойт беле.
04.02.2016. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чондорун оздору кылмышкер болсо анан кандай тартип болот дагы милицяга рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: