Кыргыз жеринен башка адамдын паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракеттенген жаран кармалды
Кыргыз жеринен башка адамдын паспорту менен Казакстанга өтүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек унаа жол” көзөмөл-өткөрүү жайынан башка кыргыз жаранынын паспорту менен өтүүгө аракеттенген кыргыз жараны токтотулган. Ал 1989-жылы туулган К.Ж. аттуу жигитке таандык паспортту көрсөткөн. Учурда тиешелүү материалдар толтурулуп, кармалган адам укук коргоо кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:38
2025-07-13

12:11
2025-07-11

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.