Нарында ЖКнын депутаттары 7-апрель окуясында каза болгон А.Карасартовдун эстелигине гүл коюшту
Төрага Асылбек Жээнбеков башында турган Жогорку Кеңештин делегациясы Нарын облусунда иш сапары менен болду. Депутаттар 19-март күнү Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы А.Карасартов атындагы сейил бакка барышты. Айта кетсек, бул сейил бакка 2010-жылдын 7-апрель окуясында курман болгон Адилет Карасартовдун ысымы ыйгарылган. Адилеттин ата-энеси сейил бакты көрктөндүрүп жана тегерегин тосуп коюу тилегин айтты. Асылбек Жээнбеков бул максатта ЖКнын төрагасынын фондунан жардам берилерин билдирди. Кошумчалай кетсек, 7-апрель окуясында Нарын облусу боюнча 25 адам каза болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
17:12
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















