super.kg logo
  Спорт  

"Барселона" клубунун футболчулары "Валенсияны" 7:0 эсебинде утушту, Лионель Месси карьерасындагы 500-голун киргизди

 
Мустафи атаандашын токтотуу аракетин көрүп жатып, эреже бузууга мажбур болду.
Калыс дароо кызыл айып кагазын көрсөтүп, аны оюндан четтетти.
Суарес менен Месси бул учурда гол жаратышкан. Месси пенальти тебүү укугун Неймарга берди. Бирок, Неймар гол жарата алган жок.
Лионель Месси дарбазага кезектеги соккусун узатууда.
"Барселона" финалга олуттуу кадам таштады.
3 голдун автору Лионель Месси менен 4 голдун автору Луис Суарес...
3 голдун автору Лионель Месси менен 4 голдун автору Луис Суарес...

4-февралга караган түнү футбол боюнча Испания Кубогунун жарым финалында "Барселона" клубу өз үйүндө "Валенсияны" кабыл алды. Беттеш 7:0 эсебинде аяктап, "Барса" финалга олуттуу кадам таштады.

Беттеш курч мүнөздө башталып, үй ээлери алгачкы мүнөттөрдөн баштап үстөмдүк орнотушту. Жыйынтыгында Луис Суарес 4 гол киргизсе, Лионель Месси 3 гол жаратты. Каталондуктардын дагы бир чабуулчусу Неймар пенальтиден гол киргизүү мүмкүнчүлүгүн колдоно алган жок.

"Валенсия" беттештин 45-мүнөтүндө борбордук коргоочусунан айрылды. Мессиге карата орой оюну үчүн Мустафиге кызыл айып кагазы көрсөтүлүп, майдандан четтетилди.

Командалардын ортосундагы жооптук беттеш 11-февралда орун алат. Экинчи жарым финалдык беттеш "Сельта" жана "Севилья" командаларынын ортосунда болот.

Бул беттеште Лионель Месси карьерасындагы 499-голун, 500-голун жана 501-голун киргизди. Анын ичинен футболчу 436 голду "Барселона" футболдук клубунун курамында, 49 голун Аргентинанын курамында киргизген. Ошондой эле Аргентинанын жаштар курамасында ойноп жүргөндө өз эсебине 14 гол, олимпиадалык курамада ойноп жүргөндө 2 гол жаза алган.






Барселона - Валенсия: 7:0

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(9)
04.02.2016. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мессиге ийгилик. бактысы барбы, беш энесине жазылганбы же баарына өзүнүн күчү менен жетип жатабы?!
04.02.2016. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Barca алга
04.02.2016. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Роналду канча гол урган ким билет?
04.02.2016. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ruslan_d, 500дөн көп
04.02.2016. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Реалга тийишпей өтсөңөр жакшы болот
04.02.2016. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Месси иним ос бер дагы
05.02.2016. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Барса алга суперсин!
05.02.2016. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
aslan_akjol89, саламатсызбы1
Өткөндө биз "500-голун киргизди" деп эмес, "500-оюнун өткөрдү" деген маалымат бергенбиз.
Төмөндөгү шилтеме менен өтүңүз: http://www.super.kg/kabar/news/134045/
Модератор admin_portal түзөттү 2016-02-05 11:51:40
05.02.2016. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Өнөр деген тигил екөөндө бар екен го!...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: