super.kg logo

Баткенде айылдашын адашып атып алган кишиге "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду

 

Баткенде айылдашын адашып атып алган кишиге "адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 2-февраль күнү саат 09:00 чамасында Баткен районунун Кайыңды айылында орун алган. Анда 29 жаштагы М.Самудинов айылдагы мал кайтаруу кезеги келип, Кара-Сай жайлоосуна малды айдап чыккан. Ал жанындагы ТОЗ-8 үлгүсүндөгү ок атуучу куралы менен карга-куштарга аңчылык кылып жүрүп, Кара-Сай жайлоосунан чоң таштын үстүндө кара кушка окшогон канаттууну көрүп, ага карата ок чыгарган. Жанына барып 25 жаштагы А.Даткаев аттуу айылдашы башына ок тийип жерде жатканын көрөт.

"Коркуп кеткен М.Самудинов үйүнө кетип калган. Окуяны туугандарына айтып берип, андан кийин туугандары аймактык милицияга билдиришкен. Окуя болгон жерде териштирүү иштери жүрдү. Аталган факт боюнча материалдар Баткен РИИБине кечээ өткөрүлүп берилди. Ыкчам тергөө тобу тарабынан иликтөө иштери улантылууда",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(6)
04.02.2016. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал адам олуп калыптырбы анан
04.02.2016. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulya21,куш болуп учуп кетиптир
04.02.2016. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulya21,р Башына ок тийсе олтот да
04.02.2016. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
iiiiiiiii jaman boluptur.....
04.02.2016. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин айылдаштарым болот,оа ал бала олуптур бугун жерге беришти
04.02.2016. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тоз 8анчалык адам м.н кушту айрмалай албаган жерге огу жетпейт ээн кыйын болсо беш жуз метр тем бльее башка атса что то не то
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: