super.kg logo

Бишкекте "кеңсеге кирип 2 миң доллардан ашуун каражатты уурдаган" деп 22 жаштагы жаран кармалды

 

Акыркы 24 саат ичинде борбор калаанын милициясы тарабынан 95 кылмыш ишинин бети ачылды. Алардын ичинен 12 кылмыш мурда катталган болсо, 10 кылмыш изи сууй электе ачылган. Ошондой эле качып жүргөн 3 кылмышкер кармалды. Муну 4-февралда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын 47 жаштагы тургуну Т.Гүлшар Кылмышкерлерди издөө башкармалыгына кайрылган. Ал Токтогул көчөсүндө жайгашкан кеңсесинен белгисиз адамдар 2300 АКШ долларын уурдап кетишкенин айткан. Бул ишке шектүү деп 22 жаштагы Б.Токтогул кармалган.

Мындан сырткары уурулук фактысы боюнча арыз менен Бишкек шаарынын тургуну, 27 жаштагы Б.Анипа Свердлов РИИБине кайрылган. Ал Шопоков көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайлардын биринен белгисиз адамдар анын сумкасынан 100 АКШ долларын уурдап кетишкенин билдирген. Ыкчам иликтөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын негизинде 24 жаштагы Ж.Гүлүм аттуу аял шектүү катары кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: