super.kg logo

Эркеч-Тамдагы айдоочулар Салмак-габариттик көзөмөлдөө департаментине жооп кайтарышты

 

Буга чейин "Элдик кабар" рубрикасына Эркеч-Тамдагы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу посттогу айдоочулардын нааразычылыктары тууралуу жазылган. Ал кабарга Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Салмак-габариттик көзөмөлдөө департаментинин башчысы Эмил Таштаналиев жооп берген. Бүгүн, 4-февралда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына кайрадан байланышып, департаментке жооп кайтарды.

"Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Салмак-габариттик көзөмөлдөө департаментинин башчысы Эмил Таштаналиевдин айдоочуларга жооп бергени туура. Бирок 2011-жылдын 8-августунда кабыл алынган өкмөттүн №454-токтомундагы "оор жүк ташуучу автоунаалардын жалпы салмагы, тагыраак айтканда, автоунаанын салмагы менен үстүндөгү жүгүн кошкондо 44 тоннадан ашкандарды жолго жүргүзбөй кайтарылсын же ашыкча жүгү түшүрүлсүн" деген мыйзамды коомчулук менен кеңешпей, өздөрүнө ылайыктап, толуктап жана өзгөртүшкөн. Аталган токтомду 2015-жылдын 13-июлунда № 481-токтому менен өзгөртүп, толукташкан. Анда өйдөдөгү токтомго "оор жүк ташуучу унаанын бир октогу (ось) жүгүнүн салмагы 7,5 тоннадан ашса, ар бир чакырымга 1 тоннага 20 сомдон алынат" деп кошумчалашкан. Мурунку токтомдо мындай чектөө бар болсо дагы, бир окто 7,5 тоннадан ашык жүк болсо, кошумча акча төлөнчү эмес. Ошондой эле автоунаалардын ар бир огуна 7,5 тоннадан жүктөөгө болбойт, себеби автоунаалардын окторунун аралыгын заводдон ар кандай жасашат. Бир кылдай окшош жүк болсо да, так 7,5 тонна кылып жүктөөгө болбойт. Бүгүнкү күндө унаалар 44 тонналык жүк жүктөөгө укуктуу болсо да, 6 октуу унаасына 40 тоннанын тегерегинде жүк менен келсе, ар бир октон 7,5 тоннадан ашыкча чыгып, акча төлөөгө мажбур",- дейт айдоочу.

Ал эми айдоочунун айтканы боюнча Эмил Таштаналиевге кайрылганыбызда ал төмөнкүлөрдү айтты:

"Бул токтом өкмөт тарабынан кабыл алынган. Мурунку №454-токтомдо деле 7,5 тоннага барабар чектөө бар болчу, бирок ал көрсөткүчтөн ашып кеткен унаалар жүргүзүлчү эмес. Көрсөтүлгөн салмактан ашкандардын жүгү түшүрүлүп салынчу, себеби ашыкча жүк жолдорго кандай терс таасирин берери баарына маалым. Мындай жагдайлар орун албаш үчүн кошумча төлөмдөр киргизилген. Андай чоң сумманы төлөгөндөн көрө, кичинекей жүк ташуучу унаага жүктөй койгон оң болот. Жыйынтыгында жолдорго да залалы тийбейт".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.02.2016. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акча акча акча бер деп жататда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: