super.kg logo
  Саясат  

Вице-спикер Бакыт Эсенбаева: "Депутаттыктан кеттим"

 

Жогорку Кеңештин вице-спикери Бакыт Эсенбаева депутаттык кызматын тапшырды. Муну бүгүн, 4-февралда депутат өзү SUPER.KG порталына билдирди.

"Мындай чечимге өзүмдүн берген убадам жана партиянын ички макулдашууларын сактоо үчүн келдим. Менин чечимимден саясат издөөнүн кереги жок. Биз парламенттик башкаруудагы мамлекет болгондон кийин саясий маданияттуулукту да бекемдешебиз керек.

Мага ишеним көрсөтүп добуш берген шайлоочуларыма, колдоо көрсөткөн партиялаштарыма, депутаттарга ыраазычылык билдирем. Буга чейин Токмок шаардык кеңешинин депутаты болуп, төраганын орун басары болгом. Бул чакырылышта да мага спикердин орун басары болуу насип кылды. Партиялаштарым, кесиптештерим колдоо көрсөтүштү, жардам берди. Төрага Асылбек Жээнбековдун колдоосуна да чоң рахмат. Жогорку Кеңештен көп тажрыйба, сабак алдым",- деди депутат.

Эсенбаева мындан ары эмне менен алектенери тууралуу да айтты.

"Албетте, эмгек жолумда бир катар кызматтык тепкичтерди басып өттүм. Тажрыйба топтой алдым. Учурда бир катар сунуштар бар. Кесибиме, тажрыйбама ылайыктуусун тандап алам",- деди депутат.

Белгилей кетсек, Б.Эсенбаева "Бир бол" партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болуп шайланган. Ордуна партиянын тизмеси боюнча Бакирдин Субанбеков келмекчи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: