super.kg logo

Экспертизадан катуу сабалган Назбийкенин мээси чайкалып, башынан жабык түрдөгү жаракат алганы аныкталды

 

Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына ылайык, ата-энеси тарабынан сабалган Назбийкенин баш мээси чайкалганы далилденди. Катуу сокку, ур-токмокко кабылган кыздын майда кан тамырлары жарылып кеткен. Мындан улам кан ылдый сарыгып, таманына түшүп кеткен. Учурда ал баса албай кыйналып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда SUPER.KG порталына Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун эксперти Алмаз Омошев билдирди.

"Назбийке биздин борборго 30-январь күнү саат 12:50 чамасында кайрылды. Ал катуу ур-токмокко алынганын менин сөзүм эмес, анын денесиндеги көк алалар, кан уюп калганы айтып турат. Эки колунда, далысында, буттарында көптөгөн тактар, жаракаттар, башында карттын белгилери бар. Анын чачы жулунуп, ошол жер карттанып калган.
Биздин борбордон ал невропатолог жана башка тиешелүү адистерге жөнөтүлгөн. Анын баш мээси тартылып, тиешелүү дарыгерлердин кароосунан өтүп келди. Алардын жыйынтыгына ылайык, анын баш мээси чайкалганы жана башынан жабык түрдөгү жаракат алганы аныкталды",
- деди А.Омошев.

Андан сырткары эксперт кыздын психикалык жактан да катуу зомбулукка кабылганын баса белгиледи. Ал адамдардан коркуп, катуу сүйлөгөндөрдөн да жалтанып жатканын кошумчалады.

"Мен 5 жылдан бери ушул тармакта эмгектенем. Жакындары тарабынан мындай оор зомбулукка кабылып, биздин борборго кайрылган биринчи кыз Назбийке болду",- дейт А.Омошев.

Бүгүн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына жөнөтүлдү.

Айта кетсек, 29-январда эртең менен 17 жаштагы Назбийке аттуу кыз Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарынан Бишкекке качып келгени белгилүү болгон. Ал кичинекей кезинен бери ата-энеси тарабынан кордук көрүп келе жатканын айтып берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(21)
04.02.2016. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ушул кызга жардам берген адамдардан Аллах ыраазы болсун!
04.02.2016. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Аман эле болсунчу инша аллах
04.02.2016. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жырткыч ата-эне (((((
04.02.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
:) Ассалому алейкуму эксперт ! Жаңылыктардан көрүшүп турсак да жакшы экен. Ийгилик ишиңе !
04.02.2016. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айбанда оз баласын анчалык кордобойт
04.02.2016. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
baikuw kyz ata enesinin emne o4u barken deimda
04.02.2016. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жоопко тартыш керек срочно
04.02.2016. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алмаз Омошев,судмедэксперт,менин курсташым,ишине ийгилик!
04.02.2016. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ата-энесине бербеш керек, адатынча кайра сабап корбогон кордукту корсотот, бизди уят кылдын деп
05.02.2016. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чын эле ата энесиби?же багып алганбы энеси бул кызды ишениш кыйын го оз кызын кантип сабайт мынча
05.02.2016. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата эне деген аттан айлангырлар
Модератор admin_portal түзөттү 2016-02-05 10:35:41
05.02.2016. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата энесинда ушундай кылып сабаш кк инисин багып алышкан экенго эми иниси чонойсо эмне болот инисин да ушинтип сабашы мумкун шек кумонсуз эле оз кызын ушинтип сабап турганда багып алган баласы кайда калмак эле Назбийкени эми аларга кайтарып бербеш кк аларды энелик укугунан ажыратыш керек аларга Аллахым ынсап берсин
05.02.2016. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул кыздын апасы да ыйлап жатпайбы кызымды мен урган эмесмин деп кызымды кимдир бирө алдаган деп жататко а кызы болсо урду дейт кимисине ишенсе болот
05.02.2016. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата энесин жоопко тартыш керек
05.02.2016. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата энеси датанып актанып атышыт биз урган жокпуз деп ким урган деп суроо берсе так жооп бербей башка эле нерселерди айтып артист болуп корундуго расса
Модератор admin_portal түзөттү 2016-02-05 10:32:48
05.02.2016. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким билет кимдин арманын
тараза билет салмагын
ыйык туткан ата энени урду деп
оор жазага кириптер болуп калбагын

Туугандар жанакы тууганыныбыз дегендерди да жакшылап текшериш керек ото эле шектуу немелер экен
туугандар
05.02.2016. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмдигиче милиция басып барыппы атанесине? Же качан кыз олуп калганда барышмакпы? Кылмышы бут ааламга жар сплынды го. Сурака алындыбы жок дегенде огой атасы? Же жалан эле журналисттер иштеп калышканбы? Милиция эмнени кутуп отурат? Арыз жазса барабыз деп отурушат бекен. Судмедэкспертсиз эле коналасын бут эл корду, дароо камака алыш керек да кылмышкерди, жок дегенде сурака, чынбы? Анан эгер куноосун мойнуна албаса судэксперттин жыйынтыгы менен чара корушмок. Огой эжеси да жооп берсин!!!
05.02.2016. 07:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мектепке келбей, кок ала болуп жургон окуучусуна конул бурбаган мугалими, директору да жооп берсин. Кылмышты коруп билип туруп ундобогон туугандары, кошуналары да суракка алынсын. Мунун баары жарандык жоопкерчиликсизден жана конул коштуктан болуп жатат. Кыз майып болуп калса эмне болмок? Дагы жаш да, ден соолугу бекем, мен болгондо мындай токмоктон кийин тируу калбасам керек эле... Суперден сураныч, мугалим , тууган, кошуналарынан интервью алгылачы.
05.02.2016. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AlbertEnshtein, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
05.02.2016. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алберт Енштеин сен туура жазыпсын мендагы ушул ойго кошулам
11.02.2016. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оз баласын мынча ким сабайт бул кызды да багып алган го анда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: