super.kg logo

Мамлекет жетекчилиги Сооронбай Жусуевди эскерүүдө

 

Кыргыз мамлекетинин жетекчилиги Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевди эскерүүдө. Өлкө жетекчилеринин 4-февралда жарыяланган некрологунда булар айтылат:

"Кыргыз мамлекетинин эли, кыргыз маданияты жана кыргыз адабияты орду толгус оор жоготууга учурады. 2016-жылдын 4-февралында 91 жашка караган курагында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сооронбай Жусуев дүйнөдөн кайтты. Калың кыргыз журтчулугу маркум Сооронбай Жусуевди көрүнүктүү көркөм сөз чебери, кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө эбегейсиз зор салым кошкон таланттуу акын катары жакшы билет.

Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1943–1945-жылдары Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөп, майданда эки жолу жарадар болгон.

Согуштан кайтып келип, 1946–1947-жылдары Совет райондук "Коммунизм үчүн" гезитинде жооптуу катчы болуп иштеп, 1947–1949-жылдары Ош мамлекеттик мугалимдер институтунда окуп, анын кыргыз тил жана адабият факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1951-жылы Ош облустук "Ленин жолу" гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп иштеп, 1951–1956- жылдары Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунда окуган.

С.Жусуев 1957–1959- жылдары "Ала-Тоо" адабий көркөм журналынын башкы редактору, "Чалкан" журналында жооптуу катчы, 1960–1986-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун аппаратында адабий кеңешчи болуп иштеген. С.Жусуевдин алгачкы "Алдыга жүргүн, кыргыздар!" деген ыры 1943-жылы "Советтик Кыргызстан" журналына жарыяланган. 1949-жылдан бери СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Алгачкы "Эмгек күүсү" аттуу ыр жыйнагы 1950-жылы басмадан чыккан. Андан бери акындын отуздан ашык китеби өз эне тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. Ыр китептери казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдеринде басылган, ырлары алыскы жана жакынкы чет өлкө тилдерине которулган. Анын 70тен ашык ырына музыка жазылган.

Кыргыз адабиятын өнүктүрүүдө сиңирген зор эмгеги үчүн 1981-жылы С.Жусуевге "Кыргыз Эл акыны" деген ардактуу наам ыйгарылган. 1994-жылы басмадан чыккан "Курманжан датка" аттуу ыр менен жазылган романы үчүн С.Жусуевге 1998-жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык ыйгарылган.

Кан майдандагы жана көп жылдык чыгармачылык жемиштүү эмгектери үчүн С.Жусуев I даражадагы Ата Мекендик согуш ордени, III даражадагы Манас ордени, "Каармандыгы үчүн", Даңк медалдары менен сыйланган. Ал Бишкек жана Ош шаарларынын ардактуу жараны, Ош мамлекеттик жана Кыргыз-өзбек университеттеринин ардактуу профессору эле. Кара-Кулжа районундагы Сай-Талаа кыштагындагы орто мектепке, Кара-Суу районундагы Жар-Ооз кыштагындагы орто мектепке Сооронбай Жусуевдин ысымы ыйгарылган.

Улуттук маданият казынасына, кыргыз элинин руханий байлыктарын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн акын Сооронбай Жусуевге "Ак шумкар" өзгөчө белгисин тапшыруу менен "Кыргыз Республикасынын Баатыры" ардактуу наамы берилген. Бул улуу акындын талыкпаган, ташыркабаган чыгармачыл эмгегине мамлекет тарабынан берилген эң жогорку баа.

С.Жусуевдин калеминен жаралган поэтикалык чыгармалар калың кыргыз журтчулугунун элегинен өтүп, өз окурмандарын тапканы – акындын түйшүктүү чыгармачылыгынын жемиши. Ал Уильям Шекспирдин, Александр Пушкиндин, Михаил Лермонтовдун, Тарас Шевченконун, Расул Гамзатовдун, Омар Хайямдын, Абай Кунанбаевдин, Кайсын Кулиевдин жана башка дүйнөгө таанымал акындардын чыгармаларын кыргыз окурмандарына тартуулап, элибиздин руханий жана маданий дүйнөсүн байытууга олуттуу салым кошту.

Сооронбай Жусуев узун жана байсалдуу өмүр жолунда кыргыз эли кылымдарга сыймыктангыдай көөнөргүс мурас калтырды. Залкар акындын чыгармалары ар дайым мекенди сүйүүгө, жаратмандыкка жана бийик адамкерчиликке чакырып, элибиздин жүрөгүндө жашай берет".

Атамбаев А.Ш., Жээнбеков А.Ш., Сариев Т.А., Токбаева А., Отунбаева Р.И., Ниязов Ф.А., Жумакадыров Т.К., Турсунбеков Ч.А., Бабанов Ө.Т., Исаев К.К., Төрөбаев Б.Э., Сулайманов А.Т., Текебаев Ө.Ч., Марипов У.А., Карашев А.А., Панкратов О.М., Кудайбердиева Г.К., Момуналиев Н.С., Абдылдаев Э.Б., Алымкожоев А., Турганбаев М.Т., Мамбеталиева Ж.Ж., Касымалиев А.А., Кожошев А.О., Бекбоев Т., Малабаев А.Ж., Боронов К.А., Сариева Э.К., Батыралиев Т.А., Максүтов А.А., Базарбаев К.Б., Сегизбаев А.К., Жолдубаева И.Ы., Абылгазиев М. Д., Кулматов К.К., Кадырбаев А.Т., Сарыбашов Т.Н., Жумагулов А.Ж., Аблесов С.А., Алиязов К.Э., Эралиев С., Жакиев Б.Ж., Байжиев М.Т., СадыковТ.С., Мамытов М.М., Мамакеев М.М., Шамшиев Б.Т., Эркебаев А.Э., Рыскулов А.Р., Токомбаев Т.А., Мурзубраимов Б.М., Өмүрканов А., Раев С.А., Дүйшеев Ш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
04.02.2016. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алайкуу эли оор жоготуга учурады. Жаткан жери жайлуу болсун! Акын агайдын чыгармалары, кийинки муунга калтырып кеткен эмгекги эчкачан унуттулбай сакталат.
04.02.2016. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун топурагы торко болсун
04.02.2016. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жериңиз жайлуу болсун.
05.02.2016. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннаты болсун. Супер инфо Сооронбай Жусуевдин ырларынан жуктоп койсонуздар сураныч.
05.02.2016. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KursKG, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: