6-февралда Кыргыз Республикасынын Баатыры Сооронбай Жусуев менен коштошуу зыйнаты өтөт
Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Сооронбай Жусуев менен коштошуу зыйнаты 6-февралда өтөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Марлен Соляной SUPER.KG порталына билдирди.
"Коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук драма театрында саат 9:00дө башталат. Акыркы сапарга узатуу зыйнатына өлкөбүздүн премьер-министри Темир Сариев, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев жана президенттик аппараттын өкүлдөрү катышышат. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат",- деп билдирди Марлен Соляной.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:30
2025-06-28
20:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
classica

05.02.2016. 08:31
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу, топурагы торкоо болсун! Кыргыз поэзиясынын алпы эле аттин...
Nendi15

05.02.2016. 08:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир кун келип баарыбыз кетебиз бул дуйнону таштап,чыныгы дуйного....бироо жаш,бироо карыган убакта.Ар бир кунубузду жакшы иштер менен откоруп артындан из калтырып кеткенге жеткирсин жараткан.Жаткан жери жаннаттан болсун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.