Жалал-Абаддагы "Кыргызнефтегаз" ишканасынын аймагында өрт чыкты
19-март күнү саат 20:18 чамасында Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында жайгашкан "Кыргызнефтегаз" ишканасынын аймагында өрт чыкты. Анда өрт өчүрүү кызматкерлери окуя болгон жерге барышып, кырсыкты токтотуп калууга жетишти. Аталган жайдагы мазуттун күйүшүнөн 300 чарчы метрдей жер өрттөндү. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.
Автор: Ширин Турдакунова
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Сизге эскертүү!
Биринчиден, улутуна, динине жараша бөлүп жарууга тыюу салынат!
Экинчиден, баш тамгаларды ашкере колдонгонуңуз үчүн билдирүүңүз жашырылды.