Нарында 14 жашында төрөгөн кызды кылмышка шектүү 8 айдан бери "үйлөнөм" деп алдап, зордуктап жүргөнү аныкталды
Нарын шаарында 14 жашында көз жарган кызды зордуктоого шектелип 24 жаштагы жигит кармалды. Ал 7-8 айдан бери кызды "үйлөнөм" деген шылтоо менен зордуктап жүргөн. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда SUPER.KG порталына Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Ороз Молдосариев билдирди.
"Кылмышка шектүү катары Ат-Башы районунун 24 жаштагы тургуну кармалган. Ал көз жарган өспүрүм кызга өзүн Умар деп тааныштырып, кыздын ооругандыгынан пайдаланып аны зордуктап жүргөнү аныкталды. Кыз өзү толугураак болгондуктан, жакындары анын кош бойлуу экенин байкаган эмес. 14 жаштагы жашы жете элек кыз төрөгөн соң, шектүү камакка алынып, ага кылмыш иши козголду. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө", - деди О.Молдосариев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:30
2025-07-10
Рейтинг:
2

Жеке айтышууларга тыюу салынат.
Берки эргулдун жазасын түрмө берсин!
Ачууга алдырып порталдын эрежелерине туура келбеген, провокация жарата турган билдирүүлөрду жазуудан алыс болсоңуздар.