Бажы кызматы 2015-жылы бюджетке 28 миллиард 509 миллион сом төктү
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы кызматы 2015-жылы бюджетке 28 миллиард 509 миллион 400 миң сом төктү. Маалымат 4-февралда мекеменин коллегиялык жыйынында айтылды.2015-жылы республикалык бюджетке бажы төлөмдөрүнөн 32 миллиард 970 миллион сом түшөрү белгиленген: бажы төлөмдөрү 27 миллиард 770 миллион сом, ЕАЭБдин алымдары 5 миллиард 200 миллион сом.
Жыйында өкмөт жетекчиси Темир Сариев: "Бажы кызматынын негизги иши - ар бир бажы пунктун ЕАЭБдин талаптарына жооп берчүдөй абалга жеткирүү. Ачыктыкты камсыздоо менен ишкерлерге толук шарт түзүп берүү кызматтын негизги милдеттеринин бири. Мындай жол менен Бажы кызматына мамиле өзгөрүп, ишкердик чөйрөнүн ишенимине ээ болот",- деп билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
16:11
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















