super.kg logo
  Саясат  

Улан Даникеев: "Товар сатып алуудагы сынактык комиссиянын чечимин сот гана жокко чыгарат"

 

Мамлекеттик сатып алуудагы сынактык комиссиянын чечимин сот гана жокко чыгарат. Муну бүгүн, 5-февралда маалымат жыйынында департамент башчысы Улан Даникеев билдирди.

"2015-жылы мамлекеттик уюмдар тарабынан 46631022,7 миң сомго сатып алуу жүргүзүлүп, 3,3 миллиард сом сарпталды. Сарпталган каражаттарга башка товар сатып алууга болбойт, алар башка эсеп-каттоого которулат. Каржы министрлиги планшет сатып алмак, бирок кайрадан пландан алып коюшкан. Себеби белгисиз. Ал эми өткөрүлгөн тендерлерге былтыр департаментке 409 даттануу түшкөн. Ишенимсиз жеткирип берүүчүлөрдүн маалымдар базасына 18 жеткирип берүүчү киргизилген. Даттануу түшкөн учурда эки тарап (сатып алуучу менен даттанган жеткирип берүүчү) чакырылып, сотко чейинки териштирүү болот. Көбүнчө тендердик, тендердик комиссиянын ишине даттануулар түшөт",- деди департамент башчысы.

Тендер боюнча чечим чыккандан кийин тендерге катышкан башка жеткирип берүүчүлөр 7 күн ичинде гана даттана алышары баса белгиленди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: