super.kg logo

Социалдык фонддун өкүлү: "Пенсияга бөлүнгөн каражаттардын почта кызматкерлери тарабынан уурдалганы өкүндүрөт"

 

Бишкекте бүгүн, 5-февралда Социалдык фонд пенсиялык камсыздандыруу боюнча иш-чара өткөрүүдө. Фонддун аппаратынын башчысы Медер Исраилов семинардын башында: “Бүгүнкү күндө ар бир адам төрөлгөндөн тарта биздин тармак менен байланыштуу. Биз сиздердин жардамыңыздар аркылуу ар бир адамдын биз менен тыгыз байланышын түзүп, пенсиялык сабаттуулукту кеңейтүүнү чечтик",- деп ММК өкүлдөрүнө кайрылды.

"Акыркы убакта Социалдык фонд тарабынан мыйзамсыз түрдө акча каражаттары уурдалган фактылар катталып келет. Мисалы, Жети-Өгүз районунда 29 миллион сом, Кара-Көл шаарында 1 миллион 137 миң сом, Талас облусунда 2 миллион сомдон ашуун акча каражаты уурдалган. Бул иштердин баары Башкы прокуратурага жана УКМКга өткөрүлүп берилген.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы бул фактыларды өздөрү аныктады дегени менен, бул маалыматтарды биз өзүбүз берип жатканыбызды да айта кетейин. Пенсионерлердин 40 пайызы банк аркылуу пенсиясын ала турган болсо, 60 пайызы почтадан алат. Уурдоолор почта кызматкерлери тарабынан болуп жатканы өкүнүчтүү. Ал жерде бир адам эки-үч башка жакка каттап, ошону менен мамлекеттин акчасын уурдап жатат. Ошол себептен пенсия алууну автоматташтырууга өткөрүү каралууда. Анда ар бир адам пенсиясын банктан алат. Мындай мүмкүнчүлүк бардык айылдарда болбогондуктан, айыл аймактарына банкоматтарды орнотуу каралууда",- деди Исраилов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
05.02.2016. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кыргыз почтасына" анда окмот озгортуу киргизиш керек ар бир райондук почталарга банк ачуу керек менин ойумча
05.02.2016. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы, Медео Исраилов тура эмес маалымат таратып батат, себеби уурдалган акчалар соц.фонд тарабынан уурдалган. Соц.фонд кызматкерлери оздору билишет. Албетте, почта кызматкерлерин колдонуп, алышкан. Аягында аз гана эмгек акы алып суука тонуп, ыссыка чыдап иштеген почта кызматкерлери куноолуу болуп калышат.
06.02.2016. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Еоошки так ушур Исраиловдон башталып атпайбы акча уурдаш, каерде корду экен пенсия туурлоодо документтерди почта кабыл алаарын. Документтердин баарын соц.фонд кабыл алып, анан пенсия чегерип болгон сон поручениени почтага берет го. Оздорунун тууган-уруктарын ар кайсыл айылдарга учетко коюп, бир эле адамдын атынан 2-3 байланыш болумунон пенсия алышкандарычы? Ушул уурулуктун айынан почта кызматкерлери канча кыйналышып, смен менен дем алышсыз иштешип пенсияны автоматикалык системага киргизишти.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: