Бишкек-Торугарт унаа жолунда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти
Бишкек - Торугарт унаа жолунда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя Бишкек - Торугарт унаа жолунун 252-чакырымындагы Кочкор районунун Сары-Булак айылында болгон. Анда ээси жок Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кеткен. Учурда унаанын ээси жана өрт кырсыгы эмнеден улам чыкканы такталууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.