super.kg logo

Соцфонд: Өлкөдө учурда иштеп жаткан жарандардын саны 1 миллион 339 миң адамды түзөт

 

5-февраль күнү Социалдык фонд уюштурган семинардын жүрүшүндө жумуш орду менен камсыз болгон жарандар жана алардын айлык акысынан фондго түшкөн акча каражаттары тууралуу маалыматтар айтылды.

Белгилүү болгондой, пенсия курагына жеткен аялдар 58 жашында 20 жылдык, эркектер 63 жашында 25 жылдык иш тажрыйбасы менен пенсияга чыга алышат. Майыптык менен иштөөгө жараксыз болуп калса, анда пенсия ден соолугу калыбына келгенге чейин же өмүрүнүн акырына чейин төлөнөт. Бүгүнкү күндө көз ооруларынан майыптык алып пенсияга чыккандар көп кездешүүдө. Социалдык фондго жарандар төккөн каражатына ылайык алардын пенсиясына кошуулар болот.

Маалыматка караганда, азыркы учурда жумуш орду менен камсыз болгон жарандардын саны 1 миллион 339 406 адамды түзөт. Алардын ичинен чарбалык субъектте 360 854, бюджеттик уюмдарда 314 241 адам иштесе, айыл чарба иштеринде 578 998 адам иштеп келет . Алардын камсыздандыруу төлөмү 22 052 600 сом болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: