super.kg logo
  Саясат  

Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлдү

 

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевдин үй-бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөттү. Каражат президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан бөлүнүп берилет. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Сооронбай Жусуев кечээ эртең менен саат 9дар чамасында дүйнө салды. Эртең, 6-февралда Кыргыз улуттук драма театрында саат 9:00дө С.Жусуевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтөт. Ага премьер-министр Темир Сариев, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, маданият өкүлдөрү жана жакын санаалаштары катышат. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

Эл акыны быйыл 91 жашка чыкмак. Жусуев 1925-жылдын 15-майында Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган. Ал 60ка жакын китептин автору, айрым чыгармалары орус, тажик, түрк, өзбек, кытай жана башка тилдерге которулган. Ошондой эле Шекспир, Сулейманов, Гамзатов, Есенин, Махтумкули өңдүү акын-жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которуп, окурмандарга тартуулаган.

Акынга ыр менен жазылган "Курманжан датка" романы үчүн Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык, "Моя жизнь" деген китеби үчүн А.Фадеев атындагы сыйлык ыйгарылган. Согуштагы эрдиктери жана чыгармачылык эмгектери үчүн Ата Мекендик согуш ордени, Даңк, "Эмгектеги артыкчылыгы" медалдары, Кыргыз ССРинин Ардак грамоталары менен сыйланган. "Кыргыз Эл акыны", "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамдары берилген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: