super.kg logo

Жылнаама, 8-февраль: Мындан 88 жыл мурун легендарлуу “Жаздын он жетинчи ирмеми” тасмасындагы Штирлицтин ролун жараткан Вячеслав Тихонов туулган

 

* Мындан 48 жыл мурун, 1968-жылы дин аалымы Абдышүкүр ажы Нарматов туулган. Ал 1985-жылы Шураб шаарына караштуу №11-орто мектебин бүтүрүп, 1989-1993-жылдары Ташкенттеги "Имам Бухари" университетинен, 1993-2000-жылдары Египеттеги Каир шаарынын "Аль-Азхар" университетинин шарият жана фикх илимдери боюнча билим алган. 2003-2006-жылдары "Алтын муун" кайрымдуулук фондунун мүдүрү, 2000-жылдан тартып Кыргыз Республикасындагы Ислам университетинин ректору кызматын аркалап келген. 2014-жылы 4-мартта Абдышүкүр ажы Нарматов Аалымдар кеңешинин төрагасы кызматына шайланган.

* Мындан 42 жыл мурун, 1974-жылы борбор шаардагы биринчи көп кабаттуу үйдүн курулушу бүткөн. 12 кабаттуу турак үй Тынчтык кең көчөсү менен Айни көчөсүнүн кесилишине салынып, анын жер төлө жана 1-кабатында ашкана, "Балдар дүйнөсү" деп аталган дүкөн, майда эмерек оңдоочу жайлар орун алган. Кыргыз жери, айрыкча борбор шаар орун алган жер жогорку сейсмикалык аймакка киргендиктен, бул убакытка чейин мындай көп кабаттуу үйлөр курулбай келген.

* Мындан 88 жыл мурун, 1928-жылы легендарлуу “Жаздын он жетинчи ирмеми” тасмасындагы Штирлицтин ролун жараткан Вячеслав Тихонов Москвада туулган.
Тихонов баш-аягы 50дөн ашуун тасмага тартылган. Ал студент кезинде алгач “Жаш гвардия” аттуу тасмага тартылган, бирок бул тасма ийгилик жарата алган эмес. “Жаздын 17-ирмеми” аттуу сериал болочок актёр үчүн атактуулук менен бирге ийгиликтин туу чокусун алып келген. Аталган сериалда Тихонов чалгынчы Исаев-Штирлицтин ролун жеткиликтүү ойной алгандыгы үчүн "СССРдин Эл артисти" деген сыйлыкка ээ болгон.
Улуу актёр Вячеслав Тихонов 2009-жылы 4-декабрда 81 жаш курагында каза болгон.

* Мындан 6 жыл мурун, 2010-жылы советтик жана орусиялык актриса Анна Самохина 48 жашында каза болгон. Дарыгерлердин айтуусунда, актриса ашказан рагынан улам дүйнө салган. Самохина көзү өтөрдөн төрт күн мурун "Орусиянын Эмгек сиңирген артисти" деген наамга ээ болгон.
Анна Самохина "Мыйзамдагы ууру", "Дон Сезар де Базан", "Карышкырдын үйүрү", "Кара карга" жана башка тасмаларда мыкты ролдорду жараткан.

8-февралда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
07.02.2016. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шураб кайсы жерде эле?
08.02.2016. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Штрилистин киносун кайдан тапсам болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: