super.kg logo

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга карата долбоорун талкуулоо боюнча коомдук угуу болду

 

Бүгүн, 5-февралда Ош шаарынын мэриясынын чоң жыйындар залында "Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылга карата долбоорун" талкуулоо боюнча коомдук угуу болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, шаардык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Арфидин Аланов, бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдар, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, калаа тургундары катышышты. Жыйындын жүрүшүндө Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров Ош шаарынын 2015-жылдагы негизги социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу жалпыга маалымат берди.

Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2015-жылы чыгаша бөлүгү 1011 миллион сомду түзүп, жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтарга – 117 миллион 600 миң сом, экономикалык маселелерге – 105 миллион 300 миң сом, турак жай жана коммуналдык кызматтарга – 407 миллион 300 миң сом, саламаттыкты сактоого – 7 миллион сом, эс алуу жана маданий-диний иштерди уюштурууга – 69 миллион 200 миң сом, билим берүүгө – 273 миллион 400 миң сом жана социалдык коргоого 25 миллион 700 миң сом акча каражаты каржыланып, бекитилген план 93,2 пайызга аткарылган.

"Быйылкы негизги иштер 2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин "2016-жылды Тарых жана маданият жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыгын, Ош шаарын 2014-2017-жылдарда өнүктүрүү программасын жана башка мамлекеттик жана локалдык программаларды турмушка ашыруу боюнча жүргүзүлөт. Үстүбүздөгү жылга коюлган милдеттерди абийирдүүлүк менен аткарууга сиздерди чакырып кетем",- деп кошумчалады Замирбек Аскаров.

Ошондой эле коомдук угууда катышуучулар өздөрүнүн сунуш-пикирлерин айтышып, талкууга алышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: