super.kg logo

Сооронбай Жусуевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат

 

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрында Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат. Ага өлкөбүздүн премьер-министри Темир Сариев, маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев, биринчи вице-премьер-министр Аалы Карашев, КРнын Президентинин Аппаратынын башчысы Фарид Ниязов, Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков жана маркумдун жакын санаалаштары катышып жатышат. Маркумдун сөөгү бүгүн, 6-февралда Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

С.Жусуев 1925-жылдын 15-майында Кара-Кулжа районундагы Алайкуу өрөөнүндө жайгашкан Кызыл-Жар кыштагында туулган. Ал 60ка жакын китептин автору, айрым чыгармалары орус, тажик, түрк, өзбек, кытай жана башка тилдерге которулган. Ошондой эле Шекспир, Сулейманов, Гамзатов, Есенин, Махтумкули өңдүү акын-жазуучулардын чыгармаларын кыргыз тилине которуп, окурмандарга тартуулаган.

Акынга ыр менен жазылган "Курманжан датка" романы үчүн Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлык, "Моя жизнь" деген китеби үчүн А.Фадеев атындагы сыйлык ыйгарылган. Согуштагы эрдиктери жана чыгармачылык эмгектери үчүн Ата Мекендик согуш ордени, Даңк, "Эмгектеги артыкчылыгы" медалдары, Кыргыз ССРинин Ардак грамоталары менен сыйланган. "Кыргыз Эл акыны", "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамдары берилген.






Кыргыз эли залкар акын Сооронбай Жусуев менен коштошту

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
06.02.2016. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун.Оомин
06.02.2016. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери бейиш бактарынан болсун,Алайкуунун ак сакалы,Кыргыз Эл Баатыры Соке!
06.02.2016. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун топурагы торкоо болсун.
06.02.2016. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болуп, Жараткан бейиштен орун берсин залкар атабызга.
06.02.2016. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак сакалдын жайы жанната болсун.
SUPER.KG видео
09.02.2016. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлу топупагы торко болсун алайкуунун данкын чыгарган кишилердин бири эле
SUPER.KG видео
10.02.2016. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: