super.kg logo
  Саясат  

Премьер-министр өлкөдө жазгы талаачылык иштерине даярдыкты күчөтүү тапшырмасын берди

 

Премьер-министр өлкөдө жазгы талаачылык иштерине даярдыкты күчөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай тапшырманы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Ош шаарындагы жазгы талаачылык иштерине даярдыктын жүрүшү боюнча көчмө селектордук жыйында берди. Премьер-министр жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринде бул жылга карата логистикалык борборлорду куруу боюнча конкреттүү планы болушу керек экенин билдирди. "Логистикалык борборлорду куруу боюнча ар бир райондун акимдери инвесторлор менен тыгыз иштеши керек. Ишкерлерди бул долбоорлорго тартуу зарыл. Бул боюнча ар бир акимге катуу талап коюлат",- деп эскертти Темир Сариев.

Премьер-министр Темир Сариев быйыл жазгы талаачылык иштерине даярдыктар эрте башталганын белгилеп, бардык мүмкүнчүлүктөрдү толугу менен мобилизациялоо аркылуу даярдыкты сапаттуу жүргүзүүнү тапшырды. Жергиликтүү бийлик жетекчилерине аймактардагы ички арыктарды тазалоону активдүү жүргүзүү тапшырмасы берилди. Өлкөдө жашылдандыруу өнөктүгүн жүргүзүү боюнча атайын токтом кабыл алынганын Темир Сариев маалымдап, анын алкагында ар бир айылда бул боюнча атайын пландын негизинде иш алып баруу керектигин эскертти. Айыл чарба тармагында күнөсканаларды, логистикалык борборлорду куруу, тамчылатып сугаруу сыяктуу жаңы ыкмаларды жайылтуу боюнча иш жүргүзүү тапшырмасы берилди. Ошондой эле дыйкан-фермерлерди айыл чарбасындагы жаңы ыкмаларды жайылтуу аракеттерин колдоо максатында банктардын жетекчилигине насыяларды берүүнүн шарттарын жеңилдетүүнүн жол-жобосун карап чыгууну тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: