ИИМ: Нарындын тургуну өзүнө жана аялына бензин чачып өрттөп жиберген
Кечээ, 5-февралда Нарындагы үйлөнүү-үлпөт салонунда күйөөсү аялына жана өзүнө бензин чачып өрттөп жиберген. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматында жазылган.
"Нарын шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, анын негизинде окуя боюнча төмөнкү жагдайлар аныкталды: Нарын шаарында жайгашкан үйлөнүү-үлпөт салонунун ичиндеги ижарага алынган туристтик фирмада эмгектенген Ж.Тимур жана Р.Бегимай иштеп отурганда Бегимайдын жолдошу Ж.Раймаалы келип, Тимурдан сыртка чыгып турууну суранган. Эшикти бекитип, көтөрүп келген пакеттин ичиндеги бензинди Раймаалы өзүнө жана Бегимайга чачып өрттөп жиберген. Натыйжада Бегимай менен Раймаалы денелеринен оор жаракат алышып облустук ооруканага жаткырылышкан. Бул факт Нарын шаардык ички иштер бөлүмүндө катталып, тергөө иштери башталды",- деп айтылат маалыматта.
Тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу жабыркагандардын аттары өзгөртүлгөн.
Эске сала кетсек, кечээ, 5-февралда Нарын шаарында өрт кырсыгы катталган.

Реанимацияда канчасы олум м-н,омурдун ортосунда жатышат,туугандары омур тилеп суранып.
А жигит болсо омурдун баркына жетпей кылганын кара.
жаман соз айтпай эле турунуз,балким кызганычтан эркектик намысы менен ошол нерсеге баргандыр,эгер аял кишинин журогундо ыйманы жок болсо алтынга болоп койсон да кылчысын кылат.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.