super.kg logo
  Саясат  

Соттун көчмө жыйынында Ак үйдүн чатыры текшерилди

 

Бүгүн, 20-мартта Бишкек шаарында Ак үйдүн чатырында 7-апрель окуясына байланыштуу соттун көчмө жыйыны болуп өттү. Анда "имараттын үстүнөн Чүй, Логвиненко, Киев көчөлөрүнө жана "Ала-Тоо" аянтына ок атууга мүмкүнбү" деген суроого жооп изделди. Иш-чарага атайын эксперттер, сотко төрагалык кылуучу судья, айыпталуучулар, жабырлануучу тараптын өкүлдөрү, жактоочулар катышты. Ак үйдүн үстүнөн элге ок атуу боюнча “Арстан” атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн снайперлери күнөөлөнүүдө. Атайын чакырылган адис Орозбай Колубаев жана эксперт Павел Берхтольд имараттын чатырынын узун туурасын, бийиктигин, Ак үйдү курчап турган тосмо менен имараттын сыртын текшерип ченешти. Ошондой эле снайперлер менен "Ала-Тоо" аянтын мээлеп көрүштү. “Эксперттер азырынча эч кандай чечимдерди чыгарбайт. Алардын жообун сот жыйында гана уга алабыз. Ак үйдүн сыртын текшерүүбүздүн себеби чатырдан атууга мүмкүнбү жана "чатырдагыларга да ок чыгарды" деген маалыматтын чын-бышыгын тактоо”,- деди аталган окуя боюнча соттук иштерге төрагалык кылуучу судья Дамир Оңолбеков.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: